Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-августу № 1
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекболотовдун 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери тууралуу
Кара-Буура айылдык кеңеши Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Ч.Төрөкуловдун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекболотовдун ишиндеги кемчиликтери тууралуу маалыматын жана Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекболотовдун 2014-жылдын 1-жарым жылдыгындагы аткарган иши тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекболотовдун 2014-жылдын 1-жарым жылдыгындагы аткарган иши канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кызыл-Адыр айылындагы базарлардын тегерегиндеги жолдордогу баш аламан соода-сатыкты, мыйзамсыз курулуштарды токтотуу, ашканалардын тегерегиндеги коомдук ажатканаларды, унаа жуучу жайлардын иштөөсүн мыйзамдаштырууну камсыз кылуу үчүн Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринен жана райондун тиешелүү мекеме-уюмдарынын кызматкерлеринен комиссия түзүлүп, 1 айлык мөөнөттө айылдык кеңешке сессияда көтөрүлгөн маселелердин текшерилиши, аткарылышы тууралуу маалымат берсин.
3. Аз камсыз болгон жарандар соода-сатык сатык жүргүзүү үчүн муниципалдык базар ачуу маселеси каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |