Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 2
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн социалдык объектилеринин 2014-2015 күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн бухгалтери А.Бейшенованын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн социалдык объектилеринин 2014-2015 күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2014-2015 күз-кыш мезгилдерине даярдыктары канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотов айылдык кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча комитети менен биргеликте 2014-2015 күз-кыш мезгилдеринен өтүү боюнча иш чара иштеп чыксын жана аткарылышын камсыз кылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |