КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2014-жылдын 2-октябры № 5
Кара-Буура айыл аймагындагы 319-контурундагы жер участогун трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145-Мыйзамынын 9-беренесинин 8-пунктунун негизинде Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагындагы №319-контурундагы 200 м2 жер участогун трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |