Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 7
Чоң Кара-Буура айылындагы коомдук мончону пайдаланууга берүү жөнүндө
Чоң Кара-Буура айылындагы, айылдык мончону айылдын элин тейлөө багытында иштетүү үчүн М.С.Бостоновго пайдаланууга берүү тууралуу элдик чогулуштун чечиминин негизинде Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң Кара-Буура айылындагы коомдук мончо М.С.Бостоновго максаттуу 49 жылга пайдаланууга берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |