Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 9
Кызыл-Адыр айылындагы кичи футбол аянтчасын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кызыл-Адыр айылындагы кичи футбол аянтчасын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан кичи футбол аянтчасы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Кичи футбол аянтчасынын 1 сааттык ижара акысы 350 (үч жүз элүү) сом болуп бекитилсин.
3. “Кызыл-Адыр Ынтымагы” коомунун төрагасы М.Сагындыковго кичи футбол аянтчасын иштетүү жагы тапшырылсын.
4. Ижара акыдан түшкөн акча каражаты коммуналдык чыгымдарга, айлык акыга жана аянтчаны мындан ары кеңейтүүгө жумшалсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент жана муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитеттерине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |