Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-январы № 11/4
КҮН ТАРТИБИ:
Ак-Моюн айыл аймагынын «Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Асаналиевдин сунушун кароо жөнүндө
УГУЛДУ:
Г.Аттокурова: «Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Асаналиевдин, Уметалиев Авазбекке Бирлик айылындагы эски уй-сарайдын түштүк тарабынан 0,25 га. жер участогун мал багуу үчүн там жана короо-сарай салууга жеке менчикке берүү жөнүндөгү сунушун билдирди.
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселени угуп жана талкулап
ТОКТОМ КЫЛДЫ (ЧЕЧТИ):
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясына жана 73-статьясынын 2-пунктуна ылайык, Бирлик айылынын тургуну Уметалиев Авазбек Джусуповичке мал багуу үчүн Бирлик айылындагы эски уй сарайдын түштүк тарабынан 0,25 га. жер участогу там жана короо-сарай салуу максатында, жеке менчикке бөлүнүп берилсин.
2.Тиешелүү укугун күбөлөндүрүүчү документтер менен камсыз кылуу жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |