Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-марты № 1
КҮН ТАРТИБИНДЕГИ МАСЕЛЕЛЕР:
1. 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы.
2. 2014-жылдын бюджетинен калган калдыкты бөлүштүрүү.
3. Туруктуу комиссиялардын иш планын бекитүү.
4. Арыз-кайрылууларды кароо.
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагыларды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ (ЧЕЧИМ КЫЛАТ):
1.Арыз-кайрылууларды кароо.
-Бирлик айылынын тургуну Борис уулу Кайраттын арызы «Айыл чарбасы, жер маселелери жана жайыт маселелери» боюнча туруктуу комиссияга сунушталсын.
-«Шекер-Мүрөгү» ичүүчү таза суусунун башчысы К.Качкынбаев Элдеги карыз акчаларды толук чогултуп бүткөрсүн. Таза сууга акча бербегендерге чаралар көрүлсүн.
-Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Асаналиевдин айылдык клубга кошумча штат ачуу боюнча жазган каты боюнча «жергиликтүү бюджеттен акча кароого мүмкүнчүлүк жок, эгер финансы бөлүмүнөн караганга мүмкүнчүлүктөр болсо чечилип берилсин.
-Ак-Моюн айыл аймагынын эки клубунун башчылары Ж.Аалиев жана Э.Жанаковдор өрт коопсуздугуна каршы инвентарларды алуу боюнча билдирүүсү канааттандырылсын.
-Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 24-январындагы №101 каты боюнча бүгүнкү күндө инициативалуу долбоор менен кайрылган жаштар болбогондуктан жана бюджет ченелүү болгондуктан акча каражатын бөлүүгө мүмкүнчүлүктөр жок.
-«МА-КЕ» ЖЧК тарабынан келген 2014-жылдын 10-февралындагы № 16/09 каты боюнча Түндүк Ак-Сай аянтынан геологиялык изилдөө изилдөө жумуштарын жүргүзүү боюнча Т.О.Ормотоев кийинки сессияга өзү келип катышсын.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинен келген 2014-жылдын 4-февралындагы №05-2/486 катына ылайык аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамына жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын ичинен Ж.Кайыпов комиссиянын курамына мүчө болсун.
-Ат-Башы райондук аскер комиссиары К.Ашырбековдун каты боюнча кышкы формаларга бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша 10000(он миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Туруктуу комиссиялардын төрагалары иш пландарын тез аранын ичинде тапшырышсын.
3. 2014-жылдын бюджетинен калган калдыкты бөлүштүрүү.
-2014-жылдын бюджети алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
Төрага | Г. Аттокурова |