Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-марты № 2/1
Күн тартибиндеги маселе:
Бирлик айылындагы жаңы салынып жаткан мектептин долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча тиешелүү жерлерге кайрылуу жолдоо жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1. Бирлик айылындагы жаңы курулуп жаткан мектептин казылган подвалы катлован, ошол катлованды көмбөй эле мектеп үчүн кошумча пайдаланууга керектүү бөлмөлөр болуп калса жакшы болмок. Спорт залдын ордун, туурасы чоң болгондугуна байланыштуу толтуруп салып, калган бөлүгүн 3,70 метр тереңдикте казылган подвалды кайра толтуруп салууга кеткен чыгымды плита покрытия менен алмаштырып жаап берүү жагы суралсын.
2. Бул токтом тиешелүү жерлерге сунушталсын.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |