АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айыл аймагынын, Айылдык Кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштагы IV кезексиз сессиясы
2014-жылдын 12-майы № 4/3
Күн тартибиндеги маселелер:
1. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сессияга катышуусунда, депутаттардын, суроолоруна жооп берүү.
2. Эски контордун ордунун мыйзамдуулугун кароо.
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчы Г.Көбөнованын ишмердүүлүгү боюнча, «Финансы-экономика жана этика маселелери» боюнча туруктуу комиссия карап чыгышсын.
2. Эски контордун ордунун мыйзамдуулугун кароо боюнча белгилүү бир мөөнөттүн ичинде, С.Амангулов, Б.Усубалиевдер тиешелүү документтерин көрсөтө албаса, эски контордун имараты айыл өкмөттүн балансасына өткөрүү боюнча тиешелүү органдарга депутаттардын жана айыл өкмөттүн атынан билдирүү жөнөтүлсүн. Бул имарат муниципалдык менчикке кирээри эске алынып, 24-майга чейин эски контордун ордун чечип берүү жагы райондук соттон суралсын.
Төрага | Г. Аттокурова |