Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-майы № 5/2
Күн тартибиндеги маселе:
«МА-КЕ» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2014-жылдын 10-февралындагы № 16/09 каты жөнүндө
УГУЛДУ:
Г.Аттокурова: «МА-КЕ» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2014-жылдын 10-февралындагы № 16/09 каты ККГИК «МА-КЕ» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2014-жылдын 10-февралындагы № 16/09 катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 31.01.2014-жылы берилген №3465АП лицензиясы шиленме алтынга геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүүгө Түндүк Ак-Сай аянтында, аталган лицензиянын негизинде көрсөтүлгөн мөөнөттө геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө катты окуду.
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 31.01.2014-жылы берилген №3465АП лицензиясы шиленме алтынга геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүүгө Түндүк Ак-Сай аянтында, аталган лицензиянын негизинде көрсөтүлгөн мөөнөттө геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүүгө уруксат берилсин деп жалпы депутаттардын колдоосуна алынды.
Чалгындоо иштерине уруксат макулдугу берилсин.
Төрага | Г. Аттокурова |