Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-майы № 5/3
Күн тартибиндеги маселе:
Токтоназаров Белектин жазган арызын кароо жөнүндө
УГУЛДУ:
Г.Аттокурова: Токтоназаров Белектин жазган арызы боюнча, беш жылдык мөөнөт менен Гүлдөй-Бер» аймагынан эс алуу жай куруу үчүн 0,25 га жер участогун бөлүп берүү тууралуу кайрылды.
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1. Кыргыз Республикасынын жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндөгү 2013-жылдын 13-сентябрь №515 токтомунун 4-пунктуна ылайык Токтоназаров Белек Жапаралиевичке беш жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга боз үй тигип турист тосууга «Гүлдөй-Бер» аймагынан эс алуу жай үчүн 0,25 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
Төрага | Г. Аттокурова |