Редакцияот 01.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айыл аймагынын, Айылдык Кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштагы VI кезексиз сессиясы

 

2014-жылдын 1-августу № 6/1

Күн тартибиндеги маселе:

Мергенчилик турдан жана атайын каражаттан түшкөн акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

УГУЛДУ:

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия

ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):

1.Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн бүгүнкү күнгө чейинки бюджетине мергенчилик турдан түшкөн акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:

- Ак-Моюн айылына курула турган социалдык объектиге, 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.

- Бирлик айылына жаңы уюштурулуп жаткан жаңы парктын сырткы тосмосун тосууга 200 000(эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.

-  Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Ат-Башы таланттары» иш чарасына: 10 000 сом,

- «Шырдак» фестивалына: 5000 сом, бензинге: 25000 сом,

2.Ак-Моюн айыл аймагынын бала бакчаларына 70 000 сом (ата-энелердин взностунан) атайын каражаттан түшкөн акча каражаты балдардын тамак-ашына бөлүнсүн.

3.Бул токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.

 

Төрага

Г. Аттокурова