Редакцияот 01.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айыл аймагынын, Айылдык Кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштагы VI кезексиз сессиясы

 

2014-жылдын 1-августу № 6/3

Күн тартибиндеги маселе:

Ак-Моюн айылындагы Сартбай кичине баатыр көчөсүнө коюлган трансформаторго столба алып зым тарттыруу жөнүндө

УГУЛДУ:

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия

ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):

1.Сартбай кичине баатыр көчөсүнө коюлган трансформаторго столба алып зым тарттырууга Нарын шаарындагы чыгыш электр тармактар ишканасына айылдык Кеңештин жана айыл өкмөттүн атынан кат жөнөтүлсүн.

2.Бул токтомду аткаруу жагы турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар башкы адиси Т.Макешовго тапшырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.

 

Төрага

Г. Аттокурова