Редакцияот 01.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айыл аймагынын, Айылдык Кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштагы VI кезексиз сессиясы

 

2014-жылдын 1-августу № 6/4

Күн тартибиндеги маселе:

Бирлик айылынын электр столбалары жана электр зымдарынын начар абалда экендигин эске алуу менен Чыгыш Электр тармактар ишканасынын Нарын шаарындагы филиалына кат жөнөтүү жөнүндө

УГУЛДУ:

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия

ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):

1.Бирлик айылынын электр столбалары жана электр зымдарынын начар абалда экендигин эске алуу менен Чыгыш Электр тармактар ишканасынын Нарын шаарындагы филиалына кат жөнөтүлсүн.

2.Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Үмөталиевге тапшырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.

 

Төрага

Г. Аттокурова