Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-августу № 7/1
Күн тартибиндеги маселе:
Ак-Моюн айылындагы эски контор маселесин талкуулоо жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1. Ак-Моюн айылындагы райондук сотто каралып жаткан жери, дубалы менен турган эски контордун ордун бизге жеринде эл менен, айылдык Кеӊештин депутаттары менен кеӊешип бир тууганча чечилсин деген райондук соттун сунушу, айылдык Кеӊештин сессиясында каралып Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн, айылдык Кеӊештин депутаттарынын конторду сатуу боюнча сунуш кылган бааларына Б.Усубалиев, С.Амангуловдор макул болгон жок. Ат-Башы райондук сотунан айыл өкмөттүн мыйзамдуу балансасында турган ушул жерди дубалы менен айыл өкмөттүн балансасына алып берүү жагы суралсын.
2. Бул токтомду аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |