Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-августу № 7/2
Күн тартибиндеги маселе:
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акимдин орун басары А.Дюшеналиеванын 2014-жылдын 11-августундагы № 1125 - каты жана А.Койчуманов орто мектебинин директору М. Манаевдин 2014-жылдын 8-августундагы № 16 - өтүнүч каты жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1.Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын- акимдин орун басары А.Дюшеналиеванын 2014-жылдын 11-августундагы № 1125-каты жана А.Койчуманов орто мектебинин директору М.Манаевдин 2014-жылдын 8-августундагы № 16-өтүнүч каты боюнча «МЕРСИКОнун» Бишкек шаарындагы складынан бериле турган азык-түлүктөрдү тартып келүүгө күйүүчү май чыгымына 7500 (жети миң беш жүз) сом акча каражатынан жардам берүү жагын А.Койчуманов атындагы орто мектебинин мектеп жамааты кеӊешип чечсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |