Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-августу № 7/3
Күн тартибиндеги маселе:
«Тамчы-Булак» балдар бакчасынын имаратына таза-суу түтүгүн киргизүү жумуштарына акча каражатын каржылоо жөнүндө
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):
1.«Тамчы-Булак» балдар бакчасынын имаратына таза-суу түтүгүн киргизүү жумуштарына акча каражатын каржылоо боюнча, «Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Асаналиев комиссия менен жеринде тактап, жаз айларында бала-бакчадагы өткөрүлгөн марафондо түшкөн каражаттын эсебинен, каржылоо аракеттерин көрсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча кийинки сессияда Ак-Моюн айылдык Кеңешинин, «Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Асаналиев маалымат берсин.
Төрага | Г. Аттокурова |