Редакцияот 27.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштагы VIII cессиянын III кезектүү сессиясы

 

2014-жылдын 27-августу № 8/5

Күн тартибиндеги маселе:

Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

УГУЛДУ:

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):

1.Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджетине түшкөн кошумча акча каражатынан Ак-Моюн айылындагы жаңы салынып жаткан социалдык объектиге 233 000 (эки жүз отуз үч миң) сом, Бирлик айылына жаңы парк курууга 230 000 (эки жүз отуз миң)сом которулсун.

2.Ак-Моюн айылындагы «Тамчы-Булак» балдар бакчасына таш көмүр алуу үчүн 15000(он беш миң) сом которулсун

3.Бул буйрукту аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.

 

Төрага

Г. Аттокурова