ТоктомКүчүндө

Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 16-январындагы № 10/1 «2014-жылдын 27-декабрындагы Х кезексиз сессиянын чечимин 10/1 чечимин Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясынын (АШКнын) өтүнүчү боюнча кайра кароо жөнүндө» токтому

Редакция16.01.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштагы Х/I кезексиз сессиясы

 

2015-жылдын 16-январы № 10/1

Күн тартибиндеги маселе:

2014-жылдын 27-декабрындагы Х кезексиз сессиянын чечимин 10/1 чечимин Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясынын (АШКнын) өтүнүчү боюнча кайра кароо жөнүндө

УГУЛДУ:

Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттары жогорудагы маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛДЫ (Чечти):

1.Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин сессиясында А.Койчуманов атындагы орто мектептин директору Мусабек Манаев директорлук кызматын тандап алып, депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча өз арызын жазып берди.

2.Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин депутаты Мусабек Манаев жазган арызына ылайык депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

Негизи: 1. Өзүнүн жазган арызы.

2.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык.

3.Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин депутаттык курамына келе турган жаӊы инсанды аныктап берүү жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Төрага

Г. Аттокурова