Редакцияот 03.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезексиз он төртүнчү сессиясы

 

2014-жылдын 3-марты № 75

 

Жазгы талаа, эгүү, себүү иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү жөнүндө

 

Жазгы талаа, эгүү, себүү иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү жөнүндө маселе Кароол айылдык кеёешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун жана 2.4-пунктунун негизинде Кароол айылдык кеёешинин кезексиз он төртүнчү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жазгы талаа, эгүү, себүү иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын төмөнкүдөй бекитилсин:

жерди айдоо 1,0 га жер үчүн – 2500 сом;

малалоого 1,0 жер үчүн – 1200 сом;

арык тартуу 1200 сом;

Баардык аткарылуучу жумуштарга күйүүчү май ичинде.

2. Бул токтомду аткарууга алуу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго жана айыл башчыларына (Сыдыков Р., Калматов С., Көкөнов П.) милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеёештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Азизов А.) жүктөлсүн.

 

Төрага

Акматалиев А.Т.