Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезексиз он төртүнчү сессиясы
2014-жылдын 3-марты № 77
Жайлоону пайдалануу, жайыт пайдалануу үчүн укук алуу үчүн акы жөнүндө
Жайлоону пайдалануу, жайыт пайдалануу үч үн укук алуу үч үн акы жөн үндө маселелер Кароол айыл аймагынын Кароол жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы П.Калматовдун сунушунун негизинде Кароол айылдык кеёешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде т үз үлгөнд үг үн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөн үндө Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезексиз он төрт үнч ү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылдык аймагынын аймагында жеке менчик малдардын жайлоого айдоо мезгили 2014-жылдын 20-апрелинен кечиктирбей айдоо жана кайтуу мезгили 1-октябрь айларына белгиленсин.
2. Жайыт пайдалануучулардын алынуучу жайыт акы ар бир баш кара малга, жылкыга 60 (алтымыш) сомдон, торпокторго 42 (кырк эки), сомдон, майда жандыктарга (кой, эчки) 12 (он эки) сомдон белгиленсин.
3. Жайлоодо багуучу бадачылардын айына мал баккан акысы бир баш малга 350 ( үч ж үз эл ү ү) сом, кой эчкиге 80 (сексен) сомдон, эгерде башка райондун айыл өкмөт үн үн малчылары биздин жайлоого жайласа анда ар бир башка эки эседен белгиленсин.
4. Айыл ичинде калган саан уйларга алынуучу бада акы 150 (ж үз эл ү ү) сомдон белгиленсин.
5. Бул токтомду аткарууга алуу Кароол жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы П.Калматовго, Кароол айыл өкмөт үн үн башчысы Р.Сайитовго жана айыл башчыларга (Сыдыков Р., Калматов С., Көкөнов П.) милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеёештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Азизов А.) ж үктөлсүн.
Төрага | Акматалиев А.Т. |