Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-марты № 4.1
Бостери айыл Ѳкмѳтүнүн аймагында жергиликтүү салыктарды бекитүү жѳнүндѳ
Бостери айыл Ѳкмѳтүнүн административдик аймагында жер салыгын жана мүлк салыгын 1,2,3-чү группаларын киргизүү жана К3 зоналдык коефициентин бекитүү. Кыргыз Республикасынын 17,10,2008-жылынын № 231-мыйзамынын 3-беренесине ылайык, 3-пунктунун негизинде, Бостери айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин салык тѳлѳмдѳрүнүн кѳбѳйүшүнүн жана сакталышынын максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылынын 1-январынан баштап, Бостери айыл Ѳкмѳтүнүн аймагында тѳмѳндѳгүдѳй жергиликтүү салык түрлѳрү киргизилсин; Айыл чарба багытындагы жер салыгы, огород жана короо-жай алдындагы колдонулуп жаткан участкалардын жер салыгы; Мүлк салыгынын 1,2,3-группаларынын мүлк обьектилерине; -К3 зоналдык коефициенти-1,2 кѳлѳмүндѳ бекитилсин;
2. Салыктарды эсептѳѳ тартиби тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин. Мүлк салыгынын 1,2,3-группаларынын мүлк обьектилерине жана жер салыгына Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде;
3. Аныкталган токтомду каттоо жана Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Облусттук Юстиция Башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомду “Ысык-Көл баяны” газетасына жана Бостери айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.bosteri-aimak.kg сайтына чагылдыруу жагы тапшырылсын.
5. Токтом 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирет.
6. Токтомду аткаруу жагы Бостери айыл Ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономикалык инвестиция табуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Т. Сооронбев |