Загрузка документа…
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-марты № 4.2
Бостери айыл аймагынын айыл Ѳкмѳтүнүн карамагында жашаган тургундардын короо алдындагы жер салыгынан жана таштандыларды чыгаруу салыктарынан бошотуу жана төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө
Бостери айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бостери айыл аймагынын айыл Ѳкмѳтүнүн карамагында жашаган тургундардан таштандыларды чогултууга ар бир түтүндөн 10 сом жана мекеме эс алуу жай жана соода түйүндөрүнөн киши башынан 60 сом төлөм төлөнсүн. Анын ичинен жеңилдик алуучу тизмеде турган 898 (сегиз жүз токсон сегиз) тургун ушул төлөмдөрдөн бошотулсун.
2. Аныкталган токтомду каттоо жана Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Облусттук Юстиция Башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомду “Ысык-Көл баяны” газетасына жана Бостери айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.bosteri-aimak.kg сайтына чагылдыруу жагы тапшырылсын.
4. Токтом 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирет.
5. Токтомдун аткарылышы Бостери айыл Өкмөтүнүн салык боюнча жетектөөчү адиси М.Т.Молдокановага милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономикалык инвестиция табуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Т. Сооронбев |