Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-майы № 4
Күн тартибиндеги маселелер:
1. Жайыт комитетинин көчүп конуу боюнча бүгүнкү күнгө чейин аткарган иши жана бюджетин, жазгы айдап-себүү боюнча элдик жыйындын протоколун бекитүү.
2. Соц.кызматкер С. Амангуловдун кызмат абалын кароо.
3.Таза суу башчысы К.Качкынбаевдин бүгүнкү күнгө чейинки аткарып жаткан иштери.
4.Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери боюнча комиссиянын көрктөндүрүү, парк уюштуруу боюнча маалыматы.
-Усубалиев Бекболоттун маселесин карап берүү.
5.1986-жылы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн картасына кирип калган биздин жерди алуу маселесин кароо.
6.Айыл башчынын, клуб башчылардын, Ак-Моюн айылдык китепкана башчысынын отчетун угуу.
7.Жарандардын кайрылууларын, арыз-даттанууларын кароо.
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттары жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛДЫ (ЧЕЧТИ):
1.Жайыт комитетинин көчүп конуу боюнча бүгүнкү күнгө чейин аткарган иши.
-Жайыт комитетинин бүгүнкү күнгө чейинки аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын бирок эскертүү берилсин. Элдик жыйындын протоколу жана жайыт комитетинин бюджети бекитилсин.
2.Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери С.Амангулов айыл өкмөттүн штаттык кызмат орундарына иштебесин.
3. Таза суу маселесин токтотуу боюнча айылдык чогулушка бүт акча каражатын эсептеп отчет даярдалсын.
4.Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясы парктын ордун жеринде карап, тиешелүү адамдар менен кеңешип мыйзамдаштырсын.
- О.Керимкулов АТСтин бөлмөсүн тиешелүү мекемелер менен байланышып иш кагаздарын тактап чыксын.
5. О.Керимкулов Талды-Суу айылына бара турган комиссиялык топтун курамы менен биргеликте 15-майда барып жерди тактап чечип келсин.
6.Бирлик айыл башчысы А.Асановдун 2012-жылга карата жана бүгүнкү күнгө чейинки аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Клуб башчылардын 2012-жылга карата аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Ак-Моюн айылдык китепкана башчысы Эсенгул кызы Жаннаттын бүгүнкү күнгө чейинки аткарган иштери канааттандырарлык деп баалансын.
7.Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессияларын жаздыруу максатында Бишкек шаарындагы ЦУМ имаратынан алынган « SONY ICD-BХ112 » үлгүсүндөгү диктофонго гарантиялык талону, счет фактурасы аркылуу 4700 (төрт миң жети жүз) сом айылдык Кеңештин катчысы К.Үмөталиевге Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинен бөлүнүп берилсин.
Төрага | Г. Аттокурова |