Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-майы № 6/1
КҮН ТАРТИБИНДЕГИ МАСЕЛЕ:
MSDSP KG Коомдук фондунун «Кыргызстанда туруктуулукту жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдоо» долбоорунун алкагында жарыяланган конкурска сунушталуучу долбоорлорду бекитүү
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛДЫ (ЧЕЧТИ):
1. Ак-Моюн айыл аймагын 201-2017-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык, MSDSP KG Коомдук фондунун «Кыргызстанда туруктуулукту жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдоо» долбоорунун алкагында жарыяланган конкурска сунуштоого артыкчылыктуу долбоорлор катары Ак-Моюн айылына техникалык тейлөө пунктун жана Бирлик айылына вулканизация ачуу тандалып алынсын.
2. Ак-Моюн жергиликтүү инвестициялык бирикмеси Ак-Моюн айыл аймагынын өз алдынча башкаруу органдарынын артыкчылыктуу долбоорунун аткаруучусу болуп бекитилсин;
3. Ак-Моюн айыл аймагынын бюджетинен Ак-Моюн айылында техникалык тейлөө пунктуна өздүк салым үчүн 25000 сом, Бирлик айылында Вулканизация ачуу үчүн 9505сом бөлүү жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы О.Керимкуловго тапшырылсын;
4. Ак-Моюн жергиликтүү инвестициялык бирикмеси долбоорлорду ишке ашырууга өздүк салым үчүн жалпы 79995сом, мунун ичинен техникалык жактан тейлөө пункту үчүн, 19995 сом вулканизация ачуу үчүн бөлүп берүү жагы Ак-Моюн жергиликтүү инвестициялык бирикмесинин башчысы Т.Макешовго тапшырылсын.
Төрага | Г. Аттокурова |