Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-июлу № 6/2
Артыкчылыктуу долбоорлорго биргеликте мониторинг жүргүзүүчү жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө
Ак-Моюн айыл аймагын 2013-2017-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиялык планында камтылган 2 маселени чечүүгө багытталган, MSDSP KG Коомдук фондунун «Кыргызстанда туруктуулукту жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдоо» долбоорунун алкагында жарыяланган конкурска сунушталган артыкчылыктуу долбоорлорго биргеликте мониторинг жүргүзүүчү жана баалоочу жумушчу топту түзүү боюнча Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн социалдык-маданий өнүктүрүү адиси – стратегиялык планды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун катчысы Н.Аскербековдун сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. MSDSP KG Коомдук фондунун «Кыргызстанда туруктуулукту жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү колдоо» долбоорунун алкагында жарыяланган конкурска сунушталган артыкчылыктуу долбоорлорго биргеликте мониторинг жүргүзүүчү жана баалоочу жумушчу топ төмөндөгү курамда түзүлсүн.
Жумушчу топтун жетекчиси:
1)Т.Түмөнбаев – Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
2)К.Асаналиев – Социалдык, турак-жай жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
3)М.Манаев – Финансы-экономика, бюджет жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
4)Н.Шаршебаева – Ак-Моюн айыл аймагынын аялдар Кеңешинин төрайымы;
5)А.Сыдыков – Ак-Моюн айылынын тургуну;
6)К.Сарсеитов – Ак-Моюн айылынын кварталдык комитети.
7)MSDSP KG Коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
2. Түзүлгөн жумушчу топко артыкчылыктуу долбоорлорго башынан аягына чейин биргеликте мониторинг жана баалоо жүргүзүү милдети тапшырылсын;
Төрага | Г. Аттокурова |