Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-октябры № 9
КҮН ТАРТИБИНДЕГИ МАСЕЛЕЛЕР:
1.2013-жылдын ноябрь айына чейинки айылдык Кеңештин сессияларында чыккан токтомдорунун аткарылыштары боюнча Ак-Моюн айыл өкмөт башчысынын отчету.
2.«Бирлик-Таазими» бала бакчасынын башчысы М.Мөндүрбаеванын тогуз айлык отчету.
3.Бирлик айылындагы ФАПтын башчысы Ж.Сыдыбаеванын тогуз айлык отчету.
4.Бирлик айылындагы Ж.Мусабекова атындагы айылдык китепкананын башчысы Ч.Турдакунованын тогуз айлык отчету.
5. Мурдагы «Социалдык-маданий өнүктүрүү кызматкери», азыркы учурда «Аскердик каттоо столунун жардамчысы» кызмат ордунда туруктуу иштеп жаткан С.Амангуловдун жумушка кабыл алынышы тууралуу мыйзамдуулугу жөнүндө.
УГУЛДУ:
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылыштагы IX кезексиз сессиясына катышкан депутаттар жогорудагыларды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛДЫ (ЧЕЧТИ):
1.2013-жылдын ноябрь айына чейинки Ак-Моюн айыл өкмөт башчысынын отчету канааттандырарлык деп баалансын. Ноябрь айынын аягында кайра отчет берсин.
2.«Бирлик-Таазими» бала бакчасынын башчысы М.Мөндүрбаеванын тогуз айлык отчету канааттандырарлык деп баалансын.
3.Бирлик айылындагы ФАПтын башчысы Ж.Сыдыбаеванын тогуз айлык отчету канааттандырарлык деп баалансын.
4.Бирлик айылындагы Ж.Мусабекова атындагы айылдык китепкананын башчысы Ч.Турдакунованын тогуз айлык отчету канааттандырарлык деп баалансын.
5.Мурдагы «Социалдык-маданий өнүктүрүү кызматкери», азыркы учурда «Аскердик каттоо столунун жардамчысы» кызмат ордунда туруктуу иштеп жаткан С.Амангулов тууралуу Нарын шаарындагы эмгек инспекциясына жумушка кабыл алынышы тууралуу мыйзамдуулугун текшерип берүүгө, Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын атынан кат түрүңдө сунуш жолдонсун.
Төрага | Г. Аттокурова |