Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 154/20-6
Талас шаардык өз алдынча башкаруусу – мэриясынын 2014-жылга карата социалдык – экономикалык өнүктүрүү Программасынын аткарылышы жана жыл жыйынтыгы жөнүндө
Талас шаардык өз алдынча башкаруусу- мэриясынын 2015-жылдын 2-февралындагы катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3 бөлүмү, 44-беренесинин 8 бөлүмүнө ылайык, Талас шаардык мэриясынын социалдык экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана жыл жыйынтыгы жөнүндө отчетун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясынын шаарды социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү Программасынын 2014-жылга карата аткарылышы жана жыл жыйынтыгы жөнүндө отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |