Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 155/20-6
Талас шаардык өз алдынча башкаруусу – мэриясынын Талас шаарын 2015-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө
Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2015-жылдын 2-февралында № 01-3/101 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, Талас шаарынын 2015-жылга карата Социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын долбоорун карап талкуулап чыгып,Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын Талас шаарынын 2015-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү Программасы бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева)тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |