Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 159/20-6
2014-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан суммасын бөлүштүрүү жөнүндө
2014- жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 11 008,0 мин сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын сунушунун негизинде Депутаттардын Талас шаардык кенешинин «Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимин карап талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктардын негизги принциптери» мыйзамынын 17- беренесин аткарууга алып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашыкча түшкөн жана үнөмдөлгөн 11 008,0 мин сом акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүүгө макулдук берилсин:
- Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына сатып алынган Административдик базанын калган суммасын төлөө үчүн 1500,0 мин сом акча каражаты Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык архитектура башкармалыгына Талас шаарынын генералдык планын түзүүгө 1000,0 мин сом муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Согуш жана эмгек ветерандарынын Талас шаардык коомдук бирикмесине (В.И. Некрытов) 75,0 сом, шаардык мэрия аркылуу каржылансын.
- Согуштун, эмгектин Талас шаардык ардагерлер уюмдарынын башкаруу кенешине (Ж. Джусупбеков) 75,0 сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине 9-май 70 жылдык майрамына карата материалдык колдоо үчүн 240,0 мин сом социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- шаардык билим берүү бөлүмүнө ар кандай чыгымдар беренесине мугалимдердин статусу мыйзамына ылайык, медициналык кароосунан өтүү жана коммуналдык кызматтарына 300,0 мин сом анын ичинен 20,0 мин сом чет тилдер багытындагы лицейге бөлүнүп билим берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
-Шаардык билим берүү бөлүмүнө шашке тамакка кошумча 200,0 мин сом бөлүнүп билим берүү бөлүмү аркылуу каржылансын.
-Муниципалдык менчик башкармалыгына Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусуна таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жана коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына атайын техникаларды жана бир бусик сатып алуу үчүн 2 800,0 мин сом Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
Талас шаардык салык кызматына пландан ашыкча түшкөн каражаттын 3 пайыз 100,0 мин сом бөлүнүп салык кызматы аркылуу каржылансын.
-Зордук зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борборун кармоого кеткен чыгымдар үчүн 549,2 мин сом борбор аркылуу бекитилген сметанын негизинде каржылансын.
-Талас шаардык прокуратурасына административдик имараттын тегерегин абаттоого 50,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык мэриясы жана Талас шаардык кенешине биргелешкен расмий сайт ачуу үчүн 60,0 мин сом Талас шаардык кенеши аркылуу каржылансын.
-Талас шаардык кенешине эмерек инвентарларын алуу үчүн 20,0 мин сом Талас шаардык кенеши аркылуу каржылансын.
-Ардагерлер ооруканасына тегерегин курчоо үчүн 50,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектебинин окуучулары дүйнөнүн жана Азиянын биринчилигинде байгелүү орун алгандыгы үчүн 50,0 мин сом
Талас шаардык кенеши аркылуу каржылансын.
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас шаары боюнча өкүлүнө оргтехника алуу үчүн 20,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Врачтардын депозитине келишимдин негизинде 48,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
Талас шаарынын К.Нуржанов көчөсү, Ч.Айтматов эстелигинин эки жак бети Талас облустук ооруканасынын жолун асфальттоого 2 240,8 мин сом муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө материалдык техникалык базасын чындоо жана плац куруу максатында 350,0 мин сом жана участкалык инспекторлорго контейнер сатып алуу үчүн 200,0 мин сом Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
-Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө мыйзамды аткарууга карата түзүлгөн иш чараларды уюштуруу үчүн 150,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Талас областык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасына ооруларды дарылоо үчүн атайын бөлмө ачууга 50,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Талас шаарынын Ч.Сатаев №52 көп кабаттуу үйүнө көмөкчү электр чордондорун орнотуу үчүн 495,0 мин сом Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
-Жаш өспүрүм балдардын футболдук командасын колдоо максатында 40,0 мин сом бөлүнүп, Жаш өспүрүм балдардын футболдук мектеби аркылуу каржылансын.
- 2015-жылы 2-августа Улуу Жеништин 70 жылдыгына карата Воронеж облустунун Селявное -2 Советтер Союзунун Баатыры Ч.Түлөбердиев эрдик жасаган кыштакта өткөрүлүүчү 10- Эл аралык Элдер достугу иш чарасына катышуу үчүн 195,0 мин сом Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектебине ремонт үчүн 50,0 мин сом бөлүнүп, Талас шаардык күрөш боюнча өспүрүм балдардын спорттук мектеби аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык каржы бөлүмүнө учурдагы сатып алуу беренесине 50,0 мин сом, транспорт беренесине 50,0 мин сом Талас шаардык каржы бөлүмү аркылуу каржылансын.
1. Шаардык каржы бөлүмүнө ( Ж.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына ( Р.Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |