Редакцияот 11.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезектеги XX сессиясы

 

2015-жылдын 11-марты № 160/20-6

Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылга карата аткарган жумуштары жөнүндө отчету

Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2015-жылдын 2-февралындагы № 45 сандуу катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-6 бөлүмчөлөрүнө ылайык, маалыматын карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылга карата аткарган жумуштары канааттандырарлык деп табылсын.

 Мыйзамсыз коюлган павильон, контейнерлерди алдыруу жана шаарды ирээтке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлсүн.

Келишимдик негизде ижара акыларын төлөбөгөн жарандарга мыйзам чегинде чара көрүү жагы каралсын.

Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Мамбетов.Р.М.) тапшырылсын.

 

Төрага

А. Джузупбеков