Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 163/20-6
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамы, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10бөлүмчөсү, Талас шаардык прокуратурасынын 2015-жылдын 9-февралындагы 11/1-15 каршылык билдирүүсүнө ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1.1 Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-июлундагы №117/14-6 сандуу токтомуна “31-июль Талас шаары” жана токтомдун баяндоочу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын “Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө мыйзамынын 20-беренеси” деген сүйлөмдөр менен толукталсын.
1.2 Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19- сентябрындагы №130/15-6 сандуу токтомуна “19-сентябрь Талас шаары” жана токтомдун баяндоочу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин жана Муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 5-беренеси” деген сүйлөмдөр менен толукталсын.
1.3 Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31- июлундагы №114/14-6 сандуу токтомуна “31-июль Талас шаары” жана токтомдун баяндоочу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 18-беренеси”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренеси” деген сүйлөмдөр менен толукталсын.
1.4Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31- июлундагы №125/14-6 сандуу токтомунун “31-июль Талас шаары” деген толуктоо киргизилсин.
2. Бул токтомду белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Ажибаева) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |