Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 164/20-6
Талас шаарынын жаштарын 2015-2020-жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Эмгек миграция жана жаштар министрлигинин Талас район- шаар аралык бөлүмү тарабынан сунушталган Талас шаарынын жаштарынын 2015-2020-жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык планын Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 3пунктуна ылайык карап талкуулап, чыгып, Талас шаарынын жаштарынын билим алуусуна, иштөөсүнө, эс алуусуна жана коомдук саясый процесстерге тартылуусуна ынгайлуу шарттарды түзүп берүү жана жакшыртуу максатында Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жаштарынын 2015-2020-жылдарга карата өнүктүрүүнүн стратегиялык планы бекитилсин.
2. Талас шаарынын жаштар тармагын өнүктүрүүгө карата иштелип чыккан стратегиялык планды туруктуу ишке ашыруу боюнча көрүлгөн аракеттерди көзөмөлгө алуу жагы Талас шаарынын вице- мэрине (Н.Базарбаева) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Д.Абакиров) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |