Редакцияот 03.12.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 3-декабры № 8

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген планына кошумча киргизүү жөнүндө

Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезектеги

ХХ сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген планына тактоолорду жүргүзүү боюнча ФЭБ башчысы А.Мамбетованын маалыматын угуп , талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын чыгымдар сметасындагы “Маданият үйү” бөлүмүнүн 3111 “Имараттар жана курулуштар” статьясынын капиталдык ремонтко каралган 4- кварталынын чыгымдарынан 25,0 (жыйырма беш миң) сом алынып, “Билим берүү” бөлүмүнүн 3112 “Машиналар жана жабдуулар” статьясынын 4- кварталынын чыгымдары 25,0 (жыйырма беш миң) сом менен толукталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Алымкулова