КАТТА ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катта Талдык айылдык кеңешинин 14-сессиясынын бешинчи чакырылышы
2015-жылдын 10-февралы № 14/2
Катта Талдык айылдык округунун Негизги бекитилген бюджеттен 2014-жылда ашыкча түшкөн киреше боюнча кошумча сметасын бекитүү жөнүндө
Катта - Талдык айылдык округунун ФЭБ башчысы К.Кайназарованын 9 ай ичинде бюджетке 300,0 мин сом негизги бекитилген бюджеттен ашыкча түшүүлөр болгону боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Катта - Талдык айылдык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катта - Талдык айылдык округунун бюджетине ашыкча түшкөн акча каражаттары киреше, чыгаша бөлүктөрүнө бекитилсин.
2. Айылдык округдун бюджетинин чыгашалар бөлүмүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы Катта - Талдык айьл округуна жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Катта - Талдык айылдык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Омонов |