Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 150/19-6
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына 2014-жылдын 21-ноябрындагы өзгөртүү толуктоолоруна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27- декабрындагы №1/1-6 сандуу токтому менен бекитилген Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселени карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27- декабрындагы №1/1-6 сандуу токтому менен бекитилген Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентине төмөнкү редакцияда өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3-бап. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары
3.1 пункту төмөндөгүдөй баяндалсын:
- Шаардык кенештин төрагасы тиешелүү кенештин сессиясында шаардык кенештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кенештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
- Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө фракция же фракциялардын коалициясы укуктуу. Фракция же фракциялардын коалициясы бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
- Эгерде шаардык кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес катышса, шаардык кенештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.
- Шаардык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер шаардык кенештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
2. Бул токтомду белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен өткөрүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына(А.Ажибаева) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |