Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 152/19-6
Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу - мэриясынын 2014-жылдын 19-декабрындагы № 403 сандуу катынын негизинде Талас шаардык мэриясынын алдындагы “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиясынын курамы жөнүндө карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 97/10-6 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу- мэриясынын алдындагы “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиясынын жаны курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
“Жерге укукту берүү боюнча” комиссиянын курамына жума сайын өткөрүлүүчү отурумдардын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана жеке өзү катышуу жагы белгиленсин.
Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
ТИРКЕМЕ
Койчубеков Азат Күлчороевич – Талас шаарынын биринчи вице мэри, комиссиянын төрагасы;
Киргабаков Тилек Сейдакматович – Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Мамбетов Расбек Мырзабекович – “Ата мекен” саясий фракциясынан Талас шаардык Кеңешинин депутаты;
Үркүнбаев Жолдошаалы Дүйшөнович – “Республика” саясий фракциясынан Талас шаардык Кеңешинин депутаты;
Кыдыралиев Эмил Аманович-Талас шаардык мэриясынын башкы адис-юристи
Кенесариев Алиакбар Абдрахманович – Талас шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы;
Шайдиев Жанболот Турдубекович – Шаар куруу жана архитектура боюнча Талас шаардык башкармалыгынын башчысы;
Боронбаева Кенже Калыгуловна – Талас район аралык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун орун басары
Мураталиев Марат Молдонович- ОсОО “Курулуш Арсенал БМ” директору
Орунбаева Айнура Муктарбековна – “EKOTAGO” коомдук уюмунун төрайымы
Молдогазиев Канат Жумабекович –Талас шаардык коомдук өз алдынча башкаруусунун координатору.
Сарногоев Эсенбай Кондубаевич- “Ак шумкар” саясий фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты.
Суйунтбеков Айбек Өзубекович - “СДПК” саясий фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты.
Жуманов Жеңишбек Мүзүрөтбекович – “Замандаш” саясий фракциясынан Талас шаардык кеңешинин депутаты.
Ж.Боркеев- Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын адиси “Жерге укукту берүү боюнча” комиссиясынын катчысы.
Төрага | А. Джузупбеков |