Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-июну № 21
Айдаралиев айыл аймагындагы кичи көчөлөргө аттарды ыйгаруу жөнүндө
Депутаттардын Айдаралиев айыл Кеңешинин 6-чакырылышынын 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылындагы Качкын Ибраим көчөсүндөгү Айталиев Исанын үйүнөн Манас көчөсүндөгү Иманалиев Кимбилеттин үйүнүн жанына чейинки туура көчөгө “Каракол-1” деген ысым ыйгарылсын.
2. Качкын Ибраим көчөсүндөгү Назаралиев Кадырбектин үйүнөн Мүнүр Алыбаев көчөсүндөгү Сарымсаков Махундун үйүнүн жанына чейинки туура көчөгө “Каракол-2” деген ысым ыйгарылсын.
3. Качкын Ибраим көчөсүндөгү Темесинов Даниярдын үйүнүн жанынан Осмонов Жаныштын үйүнүн жанындагы туура көчөгө “Көпүрө-Базар-1” деген ысым ыйгарылсын.
4. Качкын Ибраим көчөсүндөгү Тогонбаев Аманжандын үйүнүн жанынан Больницага чейинки туура көчөгө “Көпүрө-Базар-2” деген ысым ыйгарылсын.
5. Качкын Ибраим көчөсүндөгү Эсеналиев Табышбектин үйүнүн жанынан Мүнүр Алыбаев көчөсүндөгү Смаилова Сүйүмкандын үйүнүн жанына чейин Ак-Кайыъ деген ысым ыйгарылсын.
6. Качкын Ибраим көчөсүндөгү Саптаякова Алмагүл үйүнүн жанынан Кушубак Кутуналиев көчөсүндөгү Жаныбеков Байышбектин үйүнүн жанына чейин “Каракол-3” деген ысым ыйгарылсын.
Төрага | Ч.А. Айдаров |