Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-марты № 16/84
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылынын тургуну Адиев Борончунун ысымын Кызыл-алыш суу каналына берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылынын тургуну Адиев Борончуну айыл өкмөтүнүн балансасында турган Кызыл-Алыш суу каналына “Адиев Борончу каналы” деп наам бер боюнча айылдын тургундарынын сунуш пикирин эске алуу менен Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган Кара-Күңгөй айылындагы Кызыл-Алыш суу каналына “Адиев Борончу каналы” деп атоого руксаат берилсин.
2. Кара-Күңгөй айылындагы “Адиев Борончу каналы” деп атоо менен атын калтыруу максатында чакан ремонт иштерин жургүзүү жагы Адиев Таалайбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдо көргөзүлгөн иштердин аткарылышын көзөмөлдөө жагы тармактар боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырылсын.
Төрага | А. Байташов |