Редакцияот 30.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 26-чакырылышынын 19-сессиясы

 

2015-жылдын 30-апрели № 5

Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мамлекеттик алым өндүрүү жөнүндө

Казан –Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мамлекеттик алым өндүрүү максатында

Казан –Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Социалдык жактан жардам берүүгө, социалдык фондко, аскер комиссиариатына жана мекемелер тарабынан суралган справкалар бекер берилсин.

2. Мындан сырткары жакка берилген справкалардан 5 (беш) сом өлчөмүндө мамлекеттик алым алынсын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Талиповага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө бюджет комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Солтонкулов