Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 1
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-жарым жылдыгынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылдын 2-жарым жылдыгына карата милдеттери жөнүндө
Кара-Булак айыл окмотунун башчысы М.Насировдун билдируусун угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин У-чакырылышынын 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак айыл окмотунун 2014-жылдын 1-жарым жылдыгынын социалдык экономикалык онугуусундо аткарылган иштердин бар экендиги белгиленсин.
2.Айыл окмотунун аймагындагы менчигинин туруно карабастан дыйкан чарба башчыларына ,кичи ишкана жетекчилерине ички жана тышкы резервдерди пайдалануу менен экономиканы чукул которуу жагы сунуш кылынсын.
3.Айыл окмотунун аймагына инвестиция тартуу жана мамлекеттик эмес уюмдар менен тыгыз иш алып баруу , долбоор аркылуу ишке ашып жаткан социалдык обьекттердин курулушуна козомол жургузуу жагы айыл окмотунун жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
4.Айыл окмотунун аймагындагы жаштарды турак жай менен камсыз кылуу жагы айыл окмотунун тийиштуу кызматкерлерине тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын козмолго алуу жагы айылдык Кенештин торагасынын орун басары А.Абдрахмановага тапшырылсын.
Төрага | Т. Эрматов |