Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы
2014-жылдын 23-октябры № 2
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин капиталдык жана кезектеги ремонттон өткөрүүдө жана 2014-2015-окуу жылына даярдоодо мектеп директорлорунун аткарган иштери жөнүндө
Социалдык маселлер боюнча туруктуу комиссиясынын билдируусун угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин У-чакырылышынын 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл окмотунун аймагындагы мектептердин кышка карата даярдыгынын жана жаны окуу жылына карата даярдыгынын абалы канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Аймактагы мектептердин кышка карата даярдыгы боюнча кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
3. Кышка карата жогорку денгээлде иш алып бару жагы мектеп директоруна тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын козмолго алуу жагы айылдык Кенештин торагасынын орун басары А.Абдрахмановага тапшырылсын.
Төрага | Т. Эрматов |