Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-марты № 12
Кыштут айылдык округунун 2012-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 2013-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2014-2015-2016-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин план прогноздорун бекитүү жөнүндө
Кыштут айылдык округунун каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Гапыровдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык округдук Кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айылдык округунун 2012-жылга кирешелери жана чыгашаларынын аткарылышы боюнча киреше бөлүгү 32418,8 миң сом суммасында ал эми чыгаша бөлүгү 32418,8 миң сом суммасында белгиленсин.
2. 2013-жылга Кыштут айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 34206,2 миң сом жана чыгаша бөлүгү 34206,2 миң сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. 2014-жылга Кыштут айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 34213,9 миң сом жана чыгаша бөлүгү 34213,9 миң сомго белгиленсин (тиркеме тиркелет).
4. 2015-жылга Кыштут айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 34207,2 миң сом жана чыгаша бөлүгү 34207,2 миң сомго белгиленсин (тиркеме тиркелет).
5. 2016-жылга Кыштут айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 34234,9 миң сом жана чыгаша бөлүгү 34234,9 миң сомго белгиленсин(тиркеме тиркелет).
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округунун кеңешинин экономика, финансы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Зикиров |