Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 2
Кыштут айылдык округунун тышкы чек араларын тактоо үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Кыштут айылдык округунун кенешинин V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы Кыштут айылдык округунун башчысы Камчыбеков Сулаймандын билдируусун угуп жана кенири талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айылдык округунун тышкы чек араларын тактоо учун томонкудой курамда жумушчу тобу тузулсун:
1. С.Камчыбеков айылдык округунун башчысы жумушчу тобтун жетекчиси.
Мучолору
1. А.Токтоматов Госрегистрдин айыл округу боюнча иш алып барган адиси.
2. М.Назаров Айыл округунун жер адиси.
3. А.Жусубалиев Жайыт комитетинин торагасы.
4. А.Пинназаров Райондук агрардык онуктуруу боюнча болумунун адиси.
2. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Кыштут айылдык округунун Кенешинин корктондуруу жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Зикиров |