Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 3
Таян айылындагы айылдык китепкананын имаратын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Таян айылындагы айылдык китепкананын имаратын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Таян айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын протоколунун негизинде кеңири талкуулап Кыштут айылдык округунун Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таян айылындагы айылдык китепкананын имаратын куруу боюнча түзүлгөн долбоорду каржылоо үчүн Кыштут айылдык округунун 2013-жылга бектилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен 31111290-статьясына 311445 (үч жүз он бир миң торт жүз кырк беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кыштут айылдык округунун Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Зикиров |