Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 6
Таян айылындагы муниципалдык менчикте турган имаратты, профилдештирилип балдар бакчасына берүү жөнүндө
Таян айылынын жашоочуларынын 2013-жылдын 14-апрелинде болуп откон жалпы элдик жыйынынын протоколунун негизинде кеңири талкуулап Кыштут айыл окмотунун V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл окмотунун аймагындагы Таян айылында муниципалдык менчикте турган имаратты, профилдештирилип муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Кыштут айыл окмотунун муниципиалдык менчик боюнча адиси М.Назаровко тапшырылсын.
Төрага | А. Зикиров |