Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 2/1
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2012-жылга чейинки жасалган иштери тууралуу отчетун угуу жана ЖПБ нын 2013-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2012-жылга чейинки жасалган иштери тууралуу отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Малдын эсеби айыл өкмөтүндөгү чарба китебиндеги катоонун негизинде алынып, ЖПБнын малдын башына акча төлөмдөрү 2013-ж төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Жылкы-50 сом малдын башына
Уй-50 сом
Тай,торпок-35 сом
Кой,эчки-30 сом
3. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2013-жылга карата бюджети 250 000мин сом болуп кабыл алынсын.
Төрага | К. Абакиров |