Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 2/3
КБФнын жерлерин арендага берүүгө карата түзүлгөн жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КБФнын жерлерин арендага берүүгө карата жер комиссиясынын курамы бекитилсин.
Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киргизилсин:
1. К.Рыскелдиев, айылдык кенештин депутаты, комиссиянын төрагасы
2. С.Касымов айыл өкмөтүнүн катчысы, комиссиянын катчысы
3. К.Черткиев айыл өкмөтүнүн башчысы
4. У.Куленбеков айылдык кенештин депутаты, мүчөсү
5. С.Исаков айылдык кенештин депутаты, мүчөсү
6. Асанкул уулу Темиркан, Ак-Кудук айылынын башчысы
7. Т.Соодаев Шоро айылынын башчысы
8. М.Токболотов, айыл өкмөтүнүн жер адиси
9. Б.Кенебаев Аксакалдар сотунун төрагасы.
2. Жер комиссиясынын курамы комиссиянын курамындагылардын кызматы, же башка себептер менен өзгөрүүлөр болгондо курамы кызматына жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Төрага | К. Абакиров |