Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-февралы № 3/3
Айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы салык жана башка жыйымдардан, пландан ашык түшкөн акча каражатарын бөлүштүрүү тууралуу айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу С.Касымовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Ак-Кудук айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы салык жана башка жыйымдардан, пландан ашык түшкөн 198840 сом акча каражаттарын төмөндөгү багыттар боюнча каржыланып берилсин.
Соц фондго чегерүүгө 5200 сом.
Айыл өкмөтүнүн конторасынын имаратына жылуулук системасына электро -техникаларын алууга 80 000сом
Айыл өкмөтүнүн айылдык конторасына 3 фазалык электр счетчигин коюуга уруксаат чечимин алууга, өрткө каршы пожарный шит койдуруу (м.и. огнетушитель, балта, күрөк, чака, шит) 10 000 сом
Шоро, Ак-Кудук айылдарынын китепканаларына электр счетчиктерин алууга 2 шт (700 сомдон ар бири) 1400 сом, электр счетчиктерин койдурууга уруксаат алууга 3400 сом (1700 сомдон ар бири) баардыгы 4800 сом
Граждандык коргонуу боюнча ар кандай табигый кырсыктарга даяр туруу, мобилдик группаны даярдыкка коюуга керектүү аспаптар, жана күйүүчү майлар менен камсыз кылууга 10 840 сом
Айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасынын запчастык бөлүгүнө 10 000 сом
Айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунасынын майына 10 000 сом,
жазгы айдап себүү иштерине карата айыл чарба техникаларынын тракторлордун даярдыгы боюнча кабыл алууга (тракторлорду комиссиянын график боюнча 3-апрель 2013-ж. кабыл алууга даярдык көрүүгө) 100 литр дизелдик майга 4000 мин сом
башка чыгымдарга ( кызмат көрсөтүүгө) 9600 сом
Охотсоюзга жолбун иттерди аттырууга 3000 сом
Канцелярдык товарларды алууга 11000 сом
Энелердин майрамын өткөрүүгө 4000 сом
Командировкалык чыгымдарга 2800 сом
Айыл өкмөтүндөгү М.Осмонов орто мектебине, Омор уулу Кожоке орто мектебине «Мегаком» уюлдук оператор тарабынан откорулуп жаткан «Мега билим» долбоору тарабынан берилүүчү компьютерлерге ЮПС апараттарын алууга 16800 сомдон эки мектепке баардыгы 33600 сом акча каражаты берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К. Абакиров |