Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-феврлы № 4/2
Ак-Кудук айыл округунун фермерлер кошуун жамаатынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн фермерлер кошуунун төрагасы
Касымов Самат төмөндөгүлөрдү билдирди 2009-жылы айылдык кещештин чечими менен укуктук башкаруу формасы «жамаат» болуп устав бекитилип күбөлүк берилип кошуун фермери түзүлгөн 2009-жылдан 2012-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Коомчулукту инвестициялоо жана өнүктүрүү агенствосунун (АРИС) «Айыл чарбасын инвестициялоо жана кызмат көрсөтүү» долбоорунун алкагында айыл элине дыйканчылык жана мал чарбачылык тармагы боюнча консультациялык окууларды өтүүгө гранттык акча каражаттары берилген. Бул акча каражаттары Нарын айылдык кещеш берүү кызматына окутуу үчүн төлөнүп берилген.
Райондогу тиешелүү мекемелер ( социалдык фонд, салык инспекциясы, стат комитет) менен толук эсептешүү жүргүзүлдү.
Учурда АРИС тарабынан гранттык акча каражаттары берилбей калды, өз алдынча иш алып кетүүгө мүмкүнчүлүк жок.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Ак-Кудук айыл аймагынын айылдык кещешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн кошуун фермеринин ишмердүүлүгү токтотулсун.
2.Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн кошуун фермеринин уставы, мөөрү, күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
Төрага | К. Абакиров |